{"product_id":"9786059321457","title":"?????????? ???????????: Mesnevi'den Secmeler","description":"\u003cp\u003eМевлана Желаледдин Руми, маданий тарыхыбыздын эң маанилүү баалуулуктарынын бири. Ал накыл кептери жана жараткан мистикалык философиясы менен дүйнө жүзүнө атагы чыккан. \u003c\/p\u003e\u003cp\u003eИслам дүйнөсүнүн эң алдыңкы ойчулдарынын жана сопуларынын бири болгон Мевлана Желаледдин Руми, 1207-жылы 30-сентябрда Хорасандын Балх шаарында төрөлгөн. Энеси, Балх шаарынын акими Рүкнеддиндин кызы Мүмине айым, атасы «кеменгерлер султаны» атагы менен таанылган Мухаммед Бахаеддин Велед болгон. \u003c\/p\u003e\u003cp\u003eМевлананын атасы Бахаеддин Велед абдан билимдүү жана атактуу кожо болгон. Бахаеддин Веледди калк кадырлаган жана анын айткандары таасирдүү болуп, элге сөзү өткөн. Бахаеддин Велед ошол учурдагы саясий абалдан жана жакындап келе жаткан Монгол жапырыгынан улам 1212-жылы үй-бүлөсү менен Балхдан жолго чыгат. Бахаеддин үй-бүлөсү менен алгач Нишабурга барат. Ал жерден атактуу сопу Феридүддин Аттар менен жолугат. Мевлана кичинекей болгону менен Феридүддин Аттардын көңүлүн өзүнө бурдурган.\u003c\/p\u003e\u003cp\u003eБир топ убакыттан кийин Нишабурдан жолго чыккан Бахаеддин Велед жана үй-бүлөсү алгач Багдат, андан кийин Куфе, Мекке жана Дамаск шаарларына барышып, 1222-жылы Караманга келип отурукташат. Ал жылдарда Анадолуда Селчук Хандыгы өкүм сүрүп турган жана борбору Кония шаары болгон. Кония билимдин жана санаттын (көркөм өнөр) да борбору болуп, ошол учурда шаарда көптөгөн чыгармачыл адамдар жана илимпоздор жашаган. Селчук өкүмдары Алаеддин Кейкубат, Бахаеддин Веледдин атагын угуп, аны Конияга чакырат. Бахаеддин Велед султандын бул чакыруусун кабыл алат жана 1228-жылы үй-бүлөсү менен Конияга көчүп келет. Кония шаарындагы медреселерде сабак берген жана көптөгөн шакирттерди тарбиялаган Бахаеддин Велед, 1231-жылы Кония шаарында көз жумат. Атасы өлгөндөн кийин анын милдеттерин баласы Мевлана Желаледдин Руми уланткан. \u003c\/p\u003e\u003cp\u003e\u003c\/p\u003e","brand":"Fatih Oncu","offers":[{"title":"Default Title","offer_id":47060869873904,"sku":"9786059321457","price":12.99,"currency_code":"USD","in_stock":false}],"thumbnail_url":"\/\/cdn.shopify.com\/s\/files\/1\/0737\/7593\/9824\/files\/9786059321457_p0.jpg?v=1763717435","url":"https:\/\/shop-qa.barnesandnoble.com\/products\/9786059321457","provider":"Barnes \u0026 Noble (DEV)","version":"1.0","type":"link"}